Дарыгерлерди ташуу иши эмнеге жөнгө салынбай жатат? Түшүндүрмө

Жазылуу
Бүгүн эртең мененки брифинг учурунда дарыгерлерди ташууга атайын транспорт берилери айтылган эле.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Эмне себептен дагы деле өзгөчө абал киргизилген аймактарда дарыгерлерди ташуу иши уюштурула электигин Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда түшүндүрдү.

Жымжырттык өкүм сүргөн Бишкектин асмандан тартылган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жымжырттык өкүм сүргөн Бишкектин асмандан тартылган видеосу
Эске салсак, өлкөдө коронавирустун жайылып кетпешине бөгөт коюу максатында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле үч районго өзгөчө абал режими киргизилген. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө болот. Мындан улам ары-бери жүрүүгө чектөө коюлду. Ошондой эле коомдук транспорт жана такси кызматы иштебейт.

Буга байланыштуу бүгүн эртең мененки брифинг учурунда дарыгерлерди ташууга атайын транспорт берилери айтылган эле.

Бирок социалдык тармактарда айрым дарыгерлер жөө жүрүүгө аргасыз болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатат.

"Өзгөчө абал бүгүндөн тарта киргизилди. Мындай шартта пландаган нерсени дароо ишке ашыра коюуга тоскоолдуктар жаралбай койбойт экен, муну моюнга алабыз. Азыр бул күндөрү иштечү дарыгерлердин тизмеси түзүлүп жатат. Буюрса жакын арада транспорт даяр болот", — деди Акматова.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0