18:55 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (849)
104 0 0

23-марттан тарта депутаттар бир жумага парламенттеги ишин токтотуп, 23-27-март күндөрү өлкө аймактарга чыгып, жергиликтүү тургундарга коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөрү айтылган.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Өзгөчө абал учурунда Жогорку Кеңеш кадимкидей ишин улантат. Бул тууралуу бүгүнкү кезексиз жыйын учурунда парламент төрагасы Дастан Жумабеков билдирди.

Эске салсак, 23-марттан тарта депутаттар бир жумага парламенттеги ишин токтотуп, 27-мартка чейин өлкө аймактарга чыгып, жергиликтүү тургундарга коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөрү айтылган. Бирок бүгүн парламент президенттин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү тууралуу Жарлыгын карап берүү үчүн кезексиз жыйынга чогулду.

"Депутаттар аптанын аягына чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, кеңешип, иштеши керек. Бул Жогорку Кеңеш каникулга кетти дегенди түшүндүрбөйт. Мыйзамда өзгөчө абал жарыяланганда өлкө парламенти ишин улантат деп жазылган. Бир апта ичинде бүгүнкүдөй шашылыш маселелер чыкса чогулуп, жыйын өткөрүп турабыз", — деди төрага.

28-29-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эл өкүлдөрү 30-марттан тарта жумушка чыгышат.

Эске салсак, бүгүн, 24-мартта, Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 42ге жетти. Эртеңден баштап өзгөчө абал режими киргизилмей болду. Соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (849)

Тема боюнча

Коронавирус: депутат өкмөткө тышкы карызды төлөбөй турууну сунуштады
Депутаттар бир жума элди кыдырып, коронавирустан сактануу жолдорун айтып берет
Белгилер:
өзгөчө абал, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ