Коронавирус табылган 26 кишинин 12си умрадан келгендерден жуктурган

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHМусульманские паломники во время Хаджа
Мусульманские паломники во время Хаджа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирус жуктуруп алган 26 киши тууралуу бүгүн белгилүү болду. Ал эми эртеңден тарта Кыргызстандын айрым аймагына өзгөчө абал киргизилет.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Коронавирус табылган 26 кишинин 14ү кичи ажылыкка Сауд Аравиясына барып келгендер болсо, 12си вирусту умрадан келгендерден жуктурган. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Оруукананы дезинфекциялоо учурунда. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: жаңы 26 учур кайсы аймактарда аныкталганы айтылды
Эскерте кетсек, бүгүн түшкө жуук коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныкталып, жалпы жонунан 42 кишиге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар.

Эртеңден тарта Бишкек шаарына, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилет.

Эми көчөдө жүрүү тартиби кандайча өзгөрө турганын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан билүүгө болот. 

Мындан тышкары, редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0