"Жоогазын революциясына" 15 жыл толду. Президенттин элге кайрылуусу

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги жоогазындар. Архив
Бишкектеги жоогазындар. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы "Жоогазын" революциясы кыргыз элинин зордук-зомбулук жана адилетсиздик менен эч убакта келишпеген каарман калк экенин дүйнөгө көрсөткөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын 15 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчынын кайрылуусунун текстин толугу менен сунуштайбыз:

"Урматтуу мекендештерим!

Бүгүн "Жоогазын революциясына" — 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революцияга 15 жыл болду. Байыркы кыргыз элинин зордук-зомбулук жана адилетсиздик менен эч убакта келишпеген, эркиндикти туу туткан каарман калк экени дүйнөгө билинди. 24-март Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган орчундуу окуя катары тарыхта калат.

Урматтуу мекендештер!

Кайсы жерде тынчтык, биримдик, мыйзамдуулук болсо, ошол жерге инвесторлор агылып келет. Коомдук-саясий туруктуулук орноп, өнүгүү болот.

Биз муну унутпашыбыз керек. Бийлик да, коом да бул окуялардан сабак алууга милдеттүү. Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык болсун! Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге ырыс-береке берсин!".

Жаңылыктар түрмөгү
0