Бишкекте коменданттык сааттын эрежесин бузгандар кармалат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүИчки иштер органдарынын кызматкерлери. Архив
Ички иштер органдарынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекке эртеңден тарта коменданттык саат киргизилет. Шаар коменданты эреже бузгандар кандайча жазаланарын айтып берди.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Коменданттык саат убагында көчөгө чыккан жарандар ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалат. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкектин коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Тыюу салынган убакта көчөдө жүргөн жарандар өздүгүн жана эмне себептен үйдөн тыш жүргөнүн аныктоо үчүн коменданттык саат бүткөнчө кармалат. Ал эми шаар тургуну эместер коменданттык аймактан чыгарылат", — деди Орозалиев.

Ал документи жок туруп коменданттык саатты бузгандарды мыйзам үч суткага чейин камаганга жол берерин кошумчалаган.

Өзгөчө абал учурунда өзүңдү алып жүрүү эрежелери - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери. Инфографика
Бишкекке эртеңден тарта коменданттык саат киргизилет. Убактысы саат 20:00дөн 7:00гө чейин. Шаардын коноктору бүгүн түнгө чейин чыгып кетиши керек.

Коменданттык саат Кыргызстанда өзгөчө абал жарыялангандыгына байланыштуу киргизилип жатат. Бүгүн тиешелүү Жарлыктарга президент кол коюп, аны Жогорку Кеңеш колдоп берди. Өлкөдөгү учурдагы кырдаал боюнча толук маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0