Карантинде жаткандар ишкерлерге кайрылып, бет кап сурашты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМедициналык бет кап. Архив
Медициналык бет кап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карантинде жаткан адамдын айтымында, обсервация жайында 280 киши бар. Алар менен алты медик жана милиционерлердин тобу иштеп жатат.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкекте обсервацияда жаткан кыргызстандыктарга медициналык бет каптар керек. Бул туурасында Sputnik агенттигине карантинде жаткандардын бири, Талант Бокоев билдирди.

Кеп Интергельпо көчөсүндөгү №57 мектептин жанындагы обсервация жайы тууралуу болуп жатат. Бокоевдин айтымында, карантинде 280 киши бар. Алар менен алты медик жана милиционерлердин тобу иштөөдө.

"Дарыгерлер менен милиционерлер мыкты иштеп жатышат. Укук коргоо органдарына бир күндө бирден эле маска берилүүдө. Карантинде жаткан адамдарды маска менен камсыздашкан жок. Айрымдарына коргоочу каражаттарды туугандары менен достору алып келип берип жатат. Бет кап вирустан толук сактабай турганы маалым, бирок эл буга муктаж болууда. Бул бир канчалык деңгээлде тынчытып коет экен", — деген Бокоев.

Ал ишкерлерди, тигүү цехинин ээлерин жана деги эле мүмкүнчүлүгү барларды обсервация жайына маска алып келип беришин өтүндү.

Бүгүн, 24-мартта, Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 42ге жетти. Эртеңден баштап өзгөчө абал режими киргизилмей болду. Соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0