Аткаминерлерди обсервация жайына киргизбей койгон дарыгер иштен алындыбы?

© Sputnik / Алексей СухоруковДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин айрым ЖМКлар №1 мектеп-интернатында жайгашкан обсервация жайында иштеген Бахтияр Абсаматов аттуу дарыгердин иштен алынгандыгын жазышкан.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүн обсервация жайына киргизбей койгон дарыгер иштен алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин айрым ЖМКлар №1 мектеп-интернатында жайгашкан обсервация жайында иштеген Бахтияр Абсаматов аттуу дарыгердин иштен алынгандыгын жазышкан. Буга дарыгердин атайын коргоочу формасы жок келген Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүн обсервация жайына киргизбей койгону себеп болгону айтылган.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, Абсаматов кызматтан четтетилген эмес, учурда өз ордунда иштеп жатат.

"Бахтияр Абсаматов буга чейин №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда эмгектенип келген. Азыркы тапта Бишкектеги обсервация жайында иштөөдө. Негизи дарыгер Саламаттык сактоо министрлигинен барган өкүлдөргө "атайын формасы жок киргизбейбиз" деп айтканы чын. Ал жерден аткаминерлердин арасынан айрымдар эмоцияга алдырып "иштен алуу керек" дептир. Бирок дарыгер жумуштан кеткен жок. Аткаминерлерге обсервация жайларына атайын кийимсиз кирбөө тууралуу эскертүү берилди", — деди мекеменин маалымат кызматы.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 42ге жетти. Алардын арасында балдар дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0