Өлкөнүн 38 айылы таза суу менен камсыздалды

© Sputnik / Табылды КадырбековПовседневная жизнь в Нарынской области
Повседневная жизнь в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылы жалпы суммасы 100 миллион доллар болгон жети долбоордун макулдашуусуна кол коюлган. Ал долбоорлор ишке ашып калса, 150 миңден ашык жаран үчүн таза суу жеткиликтүү болот.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандын 38 айылы таза, ичүүчү суу менен камсыздалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, эми жалпы жонунан 47 миңден ашык адам таза суу иче баштайт.

Мындан тышкары, 2019-жылы жалпы суммасы 100 миллион доллар болгон жети долбоордун макулдашуусуна кол коюлган. Ал жүзөгө ашып калса, 150 миңден ашык жаран үчүн таза суу жеткиликтүү болот. Кол коюлган долбоорлор:

  • "Мырзаке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын суу менен камсыз кылуу системаларын реабилитациялоо" долбоору;
  • "Жалал-Абад шаарынын суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору;
  • "Исфана шаарынын суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору;
  • "Кербен шаарынын суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору;
  • "Айыл жергесинин суу менен камсыз кылуу системасын жана санитариясын өнүктүрүү" долбоору;
  • "Нарын облусундагы айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү" долбоору;
  • "Көп тармактуу ишмердүүлүктү чакан колдоо - Кыргыз Республикасы үчүн чакан сарптоолорду каржылоо механизми" долбоору.

Учурда бул долбоорлор боюнча ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүп жатканы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0