Мектептер төртүнчү чейректи дистанттык түрдө окуп калышы мүмкүн

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүПреподаватель проводит онлайн урок в учебном классе. Архивное фото
Преподаватель проводит онлайн урок в учебном классе. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мөөнөтсүз каникул улантыла турган болсо, 8-апрелден тарта орто мектептин окуучулары төртүнчү чейректи дистанттык (үйдө отуруп) негизде окууга киришет.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү чейректи дистанттык түрдө окутууга даярданып жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, мөөнөтсүз каникул улантыла турган болсо, 8-апрелден тарта орто мектептин окуучулары төртүнчү чейректи дистанттык (үйдө отуруп) негизде окууга киришет.

"Азыркы тапта окуучулар үчүн ЭлТРдин "Билим жана Илим" каналынан видеосабактар көрсөтүлүп жатат. Эгер балдар үйдөн дистанттык түрдө окуп кала турган болсо, жаңы темалар видеосабактар аркылуу онлайн өздөштүрүлөт. Сабактар атайын түзүлгөн жадыбалдын негизинде "Баластан" жана "Билим жана Илим" телеканалдарынан берилет. Андан сырткары, ушул эле сабактар атайын порталга жайгаштырылат. Учурда Бишкек жана Ош шаарларынан тандалып алынган мугалимдер видеосабактарга тартылып жатат", — деп айтылат билдирмеде.

Жогорку окуу жайлары 16-марттан баштап эле дистанттык окууга өткөн.

"Кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери менен окутуучулары үчүн "Соцсервис" мамлекеттик ишканасынын жардамы менен электрондук окутуу системасы иштелип чыгат", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус катталганга чейин эле билим берүү мекемелеринин баары мөөнөтсүз каникулга тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0