Экөө тең умрага барып келген. Ноокатта коронавирус жуктургандар тууралуу

© AFP / SAM PANTHAKYМеккага келген мусулмандар. Архив
Меккага келген мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Ноокат районунда дагы эки адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны 16га жетти.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бүгүн COVID-19 вирусун жуктурган эки кыргызстандык дагы Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, вирус Ноокат районунун 60 жаштагы эки тургунунан табылган. Алардын бири -  аял, экинчиси - эркек киши. Экөө тең 13-март күнү умрадан кайтып келишкен.

Учурда аймактык ооруканага жаткырылды, абалдары канааттандырарлык.

Буга чейин дагы Ноокат районунан Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген үч аялдан COVID-19 табылган болчу.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Ситуация в Пакистане из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Пакистандагы кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Ал дааватта жүргөн
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 16га (жети эркек, тогуз аял) жетти. Анын ичинен сегизи Сузак, бешөө Ноокат, бирөө Баткен районунун, экөө Бишкек шаарынын тургундары. Эки адамдын абалы орточо деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Өлкөдө 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми ушу тапта өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу маалыматтардын баарын биздин тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0