Бишкектин четиндеги айылда кир суу чыгып, эл чочулап жатат. Сүрөт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЭски суу крандар. Архив
Эски суу крандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Жыгач айылынын жетекчилиги "Таза суу" долбооруна ишенип отурат. Себеби аларга 80 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Бул сумма элди таза суу менен камсыздоого жумшалат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Facebook баракчасынын колдонуучусу Айгүл Молдокулова Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы ичүүчү суу кир болуп жатканын билдирди.

Сүрөттөн идишке куюлган суунун түсү киргилт тартып турганын көрүүгө болот.

© Фото / Facebook / Айгуль МолдокуловаАламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы ичүүчү суусу
Бишкектин четиндеги айылда кир суу чыгып, эл чочулап жатат. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы ичүүчү суусу

"Биздин айылда ичүүчү суу ушундай болуп чыгып жатат. Эгер бул көрүнүш кайталана берсе айылдын тургундарынын бардыгы карантинге алынышы мүмкүн. Бул жерде сөз коронавирус эмес, гепатит, эхинококкоз сыяктуу оорулар тууралуу болуп жатат", — деди аял.

Жашыл боёк болгон дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашыл түстүү Аламүдүн суусу. Эки анализдин жыйынтыгы эки башка чыкты
Бул боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Акжолтой Калназарова комментарий берди. Анын айтымында, айылда 5500 адам жашайт. Эки скважина тургундардын 30 пайызын таза суу менен камсыздайт, калгандары 1967-жылы курулган скважинаны колдонуп келишет. Булактын суусу жер алдынан система аркылуу элге жеткирилип турган. Бирок булактын суусу тартылып кеткендиктен, системага Кой-Таш айылынан келген арыктын суусу кирип жатат.

"Кир суунун айынан ооруп калгандар болгон эмес. Көпчүлүк тургундар сууну тазалаган аппарат орнотуп алышкан. Суу жамгыр жааган сайын кир болуп калат", — деди ал.

Айыл округуна "Таза суу" долбоорунун алкагында 77 миллион сом бөлүнгөн. Долбоорго Дүйнөлүк банк "Арис" агенттиги аркылуу демөөрчү болгон. Калназарова 2021-жылга чейин айыл толук түрдө таза суу менен камсыз болоруна үмүт артып жатышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0