БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу абоненттерине кайрылды.
Анда ишкана электр эсептегичтин көрсөтмөсүн WhatsApp же SMS аркылуу инспекторго жөнөтүүнү өтүндү.
"Жашаган районуңуздагы инспектордун телефон номерин ишкананын күнү-түнү иштөөчү колл-борборунун 1209, 0772, 0702, 0556 – 001209 номерлеринен тактап сурап алсаңыздар болот. Эсептегичтин көрсөтмөсү ар бир айдын 28инен баштап кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.
Эгерде кардардын электр эсептегичинин көрсөтмөсү алынбай калса, эсеп-дүмүрчөк өткөн айдын орточо эсеби менен чыгарылат. Кийинки айда так көрсөтмө алынгандан кийин эсеп-билдирме кайра каралаары маалым болду.
"Түндүкэлектр" абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү электрондук капчыктар же төлөм терминалдары аркылуу ишке ашырууга чакырды.