ТИМ: Египет менен Таиланддан 137 турист кайтып, карантинге киргизилди

© пресс-служба мэрии города БишкекКечээ жана бүгүн чет өлкөлөрдөн алып келинген кыргызстандык 137 турист медициналык жайларга карантинге алынды
Кечээ жана бүгүн чет өлкөлөрдөн алып келинген кыргызстандык 137 турист медициналык жайларга карантинге алынды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт сыртта калып калган кыргызстандыктарды мекенине кайтарып келүү үчүн чартердик каттамдар боюнча жергиликтүү жана чет элдик авиакомпаниялар менен макулдашканы айтылган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кечээ жана бүгүн чет өлкөлөрдөн алып келинген кыргызстандык 137 турист медициналык жайларга карантинге алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

© пресс-служба мэрии города БишкекСотрудники медицинской службы и правоохранительных органов во время встречи вернувшихся из Египта и Таиланда кыргызстанцев
Кечээ жана бүгүн чет өлкөлөрдөн алып келинген кыргызстандык 137 турист медициналык жайларга карантинге алынды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Кечээ жана бүгүн чет өлкөлөрдөн алып келинген кыргызстандык 137 турист медициналык жайларга карантинге алынды
© пресс-служба мэрии города БишкекСотрудники медицинской службы и правоохранительных органов во время встречи вернувшихся из Египта и Таиланда кыргызстанцев
Маалыматка караганда, министрлик Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы жана Казакстандын колдоосу менен өлкөгө Египет жана Таиландга эс алууга барып келе албай калган туристтерди кайтарды - Sputnik Кыргызстан
2/4
Маалыматка караганда, министрлик Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы жана Казакстандын колдоосу менен өлкөгө Египет жана Таиландга эс алууга барып келе албай калган туристтерди кайтарды
© пресс-служба мэрии города БишкекСотрудники медицинской службы и правоохранительных органов во время встречи вернувшихся из Египта и Таиланда кыргызстанцев
Маалыматка караганда, учурда бардыгы медициналык жайларга карантинге киргизилди - Sputnik Кыргызстан
3/4
Маалыматка караганда, учурда бардыгы медициналык жайларга карантинге киргизилди
© пресс-служба мэрии города БишкекСотрудники медицинской службы и правоохранительных органов во время встречи вернувшихся из Египта и Таиланда кыргызстанцев
Тиешелүү анализдерди тапшырып жатышат. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Тиешелүү анализдерди тапшырып жатышат.
1/4
Кечээ жана бүгүн чет өлкөлөрдөн алып келинген кыргызстандык 137 турист медициналык жайларга карантинге алынды
2/4
Маалыматка караганда, министрлик Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы жана Казакстандын колдоосу менен өлкөгө Египет жана Таиландга эс алууга барып келе албай калган туристтерди кайтарды
3/4
Маалыматка караганда, учурда бардыгы медициналык жайларга карантинге киргизилди
4/4
Тиешелүү анализдерди тапшырып жатышат.

Маалыматка караганда, министрлик Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы жана Казакстандын колдоосу менен өлкөгө Египет жана Таиландга эс алууга барып келе албай калган туристтерди кайтарды.

"Египеттин Шарм-Эль-Шейх шаарынан 126 жана Таиланддын Бангкок шаарынан 11 кыргызстандык алып келинди. Алар алгач Алматы шаарынын аэропортуна конуп, Бишкекке Кыргызстандан жиберилген атайын транспортто медиктердин коштоосунда келишти", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, учурда бардыгы медициналык жайларга карантинге киргизилди. Тиешелүү анализдерди тапшырып жатышат.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Капельница. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктурган кыргызстандыктар кантип дарыланып жатканы айтылды
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти. Анын ичинен сегизи Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Үчөө Ош облусуна караштуу Ноокат районунан, экөө Бишкектен, бирөө Баткен районунан. Эки адамдын абалы орточо оор деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши, жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Эске салсак, Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми ушу тапта өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу маалыматтардын баарын биздин тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0