Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия обильного дождя в декабре в Бишкеке
Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидрометтин маалыматында, бул аптада аймактарда жаан, тоолуу жерлерге кар жаайт. Анткен менен Бишкекте күн ачык болору божомолдонду.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.

23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 24-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

Төө ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бороондо тоңуп калган кыздар. Кыргыз ашууларынын аталыш тарыхы
24-25-мартта өлкөнүн дээрлик бардык жеринде күндүн көзү бузулат. Айрым тоолуу аймактарда жаан карга айланып, абанын температурасы төмөндөйт.

26-мартта түштүк аймактарда, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй менен Таластын тоолуу райондорунда, Нарында кар жаашы ыктымал.

27-мартта да жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-25-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Бишкекте болсо бул апта ичи күн ачык болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0