Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаран реанимацияга которулду

© Sputnik / Алексей СухоруковОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө 14 кыргызстандык коронавирус жуктурганы аныкталган. Алар Сауд Аравияга жана Францияга барып келгендер.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус, өзгөчө кырдаал, азыркы абал. Учурда эмне болуп жатат
Анын айтымында, эки адамдын абалы орточо оор деп бааланып жаткан. Бирок бирөө кечээ жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Калган 12 жарандын абалы канааттандырарлык.

Кыргызстанда 14 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Алар Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген. Сузактын сегиз, Ноокаттын үч, Баткендин бир, Бишкектин бир тургунунан COVID-19 инфекциясы табылган. Мындан сырткары, Франциядан келген дагы бир кыргызстандыктын вирус жуктурганы белгилүү болду. 

Ушу тапта Кыргызстанда эмне болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0