Балыкчыдагы посттон айдоочулар өтө албай жатышабы? Өкмөт жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБиосферная территория Иссык-Куль
Биосферная территория Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов санитардык-карантиндик посттордон кимдер тоскоолдуксуз өтө аларын айткан.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Интернет колдонуучулар Балыкчы шаарынын кире беришиндеги санитардык-карантиндик посттон өтө албай жатышканын айтууда.

Узун кезекте турган айдоочулардын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланган.

Өкмөттүн алдындагы Республикалык штаб Балыкчыдан чыгууга эч кандай чектөө жок экенин айтып, бирок посттогулар ар бир адамды текшерип өткөрөрүн билдирди.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калысбек Ахматов санитардык-карантиндик посттордон кимдер тоскоолдуксуз өтө аларын айткан.

"Күнүмдүк колдонулчу тамак-аштарды, элге керектүү товарларды ташып киргендерге тыюу жок. Алар тоскоолдуксуз өтөт", — деген Ахматов.

Коронавирус Кыргызстанда

Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары.
21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Акыркы маалыматтар боюнча, вирус жуктуруп алгандардын саны жалпы 14кө жетти. Экөөнүн абалы оор экени кабарланды.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай экенин Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0