Өкмөт башчы: адамдык сапат, баалуулуктарыбыз ушундайда билинет

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПервое заседание Республиканского оперативного штаба
Первое заседание Республиканского оперативного штаба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр жаңы эрежелерди сактоо оңойго турбастыгын белгилеп, бирок бул башкаларга зыян келтирбестин негизги жолу экендигин айткан.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Адамдык сапаттарыбыз жана баалуулуктарыбыз ушундайда билинет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын биринчи жыйынында билдирди.

"Киргизилип жаткан режим ар бирибиздин жашообузга оңтойсуздуктарды жаратат. Бирок бул убактылуу чечим экендигин түшүнүү керек. Ооба, жаңы эрежелерди сактоо оңойго турбайт, бирок бул жеңиш үчүн жалгыз жол — биз башкаларга зыян келтирбеш үчүн бардык аракетибизди жумшоого тийишпиз. Эл катары бириксек, бардык кыйынчылыктарды жана сыноолорду жеңе алабыз. Башкысы, эрежелерди сактайлы", — деген Абылгазиев.

Премьер-министр өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине да токтолгон.

"Баары эртеңки күн кандай болот деп тынчсызданып жатышат. Бирок көп нерсе биздин биргелешкен иш-аракеттерден жана жөнгө салынган ишибизден көз каранды. Азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана дары-дармек өлкөдө жетиштүү. Ал эми жүк ташуу жана импорттоо мурдагы режимде ишке ашырылып жатат", — деди өкмөт башчы.

Кеңешменин жүрүшүндө өзгөчө кырдаал режимине тартылган мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин тартиби талкууланган.

Белгилей кетсек, бүгүндөн тарта Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Коронавирус Кыргызстанда

Подготовка пассажирского транспорта к летнему сезону - Sputnik Кыргызстан
Мамкызматкерлерди жумушка ташуу үчүн транспорт уюштурулат
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары.

Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Акыркы маалыматтар боюнча, вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14кө жетти.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай экенин Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0