ШИИББ: Бишкекте блокпосттор орнотулду деген маалыматтар фейк

© Sputnik / Нурис АлымбаевГарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо
Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирмеде буга чейин бир катар ЖМКлар менен социалдык тармактарда борбордун периметри боюнча блокпосттор коюлуп жатат деген маалымат тараганы айтылат.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкектин бардык тарабындагы кирип-чыгуу жолдорунда 36 блокпост коюлду деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул туурасында ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеде буга чейин бир катар ЖМК менен социалдык тармактарда борбордук периметри боюнча блокпосттор коюлуп жатат деген маалымат тараганы айтылат.

"Маалымат чындыкка туура келбейт. Учурда эч кандай блокпосттор коюлган жок. Шаар тынч, жарандардын коопсуздугун милициялар камсыздоодо", — деди Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков.

Ал ЖМКларды тастыкталган маалыматтарды чыгарууга чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүндөн тарта Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Анын эрежесинде айрым жерлерге блокпосттор коюлмакчы. Мындай посттордон кимдер өтө аларын шилтеме аркылуу билип алыңыз

Жаңылыктар түрмөгү
0