Аэропортко жүргүнчүнү тосуп, узаткандар киргизилбейт! Штабдын эскертүүсү

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПервый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов посетил международный аэропорт «Манас»
Первый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов посетил международный аэропорт «Манас» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт. Мындай чектөөлөр жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында көрүлүүдө.

БИШКЕК, 22-мар. – Sputnik. "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору жүргүнчүлөрдү узатып барган жана тосуп алгандарга кирүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, мындай кадам COVID-19 вирусунун жайылып кетишин алдын алуу үчүн жасалууда.

"Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт. Мындай чектөөлөр жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында көрүлүүдө", – деп жазылат билдирүүдө.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Режим чрезвычайной ситуации в Ноокатском районе из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 14 кишиден коронавирус чыкты. Учурда эмне болуп жатат
Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Акыркы маалыматтар боюнча, вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14кө жетти.

Мындан улам өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай экенин Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0