Сузактын айылдарынын көчөлөрү дезинфекцияланып жатат. Сүрөт

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Чрезвычайная ситуация в Сузакском районе
Чрезвычайная ситуация в Сузакском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сузак районунда үч адамдан коронавирус аныкталган. Мындан улам районго өзгөчө кырдаал киргизилип, блокпосттор коюлган.

БИШКЕК, 22-мар. – Sputnik. Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Бостон айылынын көчөлөрү дезинфекциялана баштады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Бостон айылынын көчөлөрү дезинфекциялана баштады
Сузактын айылдарынын көчөлөрү дезинфекцияланып жатат. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Бостон айылынын көчөлөрү дезинфекциялана баштады

Жалал-Абаддын Сузак районунда коронавирусту жуктуруп алган кишилердин бар экени анык болгондон бери аталган районго өзгөчө кырдаал киргизилип, оорукана, көчөлөрү дезинфекцияланууда. Жергиликтүү тургундар үйүнөн чыкпай калышканын айткан

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Больница в Коммунарке примет пациентов с подозрением на коронавирус - Sputnik Кыргызстан
Мэрия шаардыктардан ӨК режиминде иштеп жаткандарга колдоо көрсөтүүнү өтүндү
Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы вирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти.

Мындан улам өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады

Жаңылыктар түрмөгү
0