Мэрия шаардыктардан ӨК режиминде иштеп жаткандарга колдоо көрсөтүүнү өтүндү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБольница в Коммунарке примет пациентов с подозрением на коронавирус
Больница в Коммунарке примет пациентов с подозрением на коронавирус - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалитет бет кап, жеке гигиена каражаттарын, суу, тамак-аш берем дегендер болуп калса, мэриянын ыктыярчылар тобунун телефондоруна байланышка чыкса болорун айтты.

БИШКЕК, 22-мар. – Sputnik. Мэрия шаар тургундарынан өзгөчө кырдаал учурунда иштеп жаткан муниципалдык кызматкер, милиция, дарыгерлерге колдоо көрсөтүүнү суранды. 

Маалыматта шаарда иштеп жаткан кызматкерлерге шам-шум этип алганга тамак-аш, бет кап ашыкча болбой турганы айтылат.

"Шаар ичинде биздин кызматкерлер иштеп жатат. Алар муниципалдык кызматкерлер, милиция, дарыгер, айдоочулар. Эгер бет кап, жеке гигиена каражаттары, суу, тамак-аш берем дегендер болуп калса, 0777 119771, 0755 001777 жана 0772 665377 (WhatsApp) номерлерине чалып же жазып коюуңуздар. Керек убакта жардамыңыздарды алабыз", — дешти муниципалитеттен.

Эске салсак, 22-марттан баштап Кыргызстанда бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Коронавирус Кыргызстанда

Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ӨК режими учурунда жүрчү троллейбустардын тизмеси
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.
Акыркы маалыматтар боюнча, вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0