Коронавирус жуктургандар ооруканадан качып атабы? УКМКнын жообу

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүЮжная Осетия
Южная Осетия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү буга чейин социалдык тармактар жана мессенжер аркылуу "Жалал-Абадда коронавирус жуктуруп алгандар ооруканадан качып, дарыгерлер ишин таштап кетип жатышат" делген маалымат тараткан.

БИШКЕК, 22-мар. – Sputnik. УКМК социалдык тармактарда жана мессенжерде жалган маалымат тараткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, шектүү буга чейин социалдык тармактар жана мессенжер аркылуу "Жалал-Абадда коронавирус жуктуруп алгандар ооруканадан качып, дарыгерлер ишин таштап кетип жатышат" делген маалымат тараткан.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында жалган маалымат таратты деп 38 жаштагы эркек киши кармалган. Маалым болгондой, ал жеке компаниялардын биринде иштейт. Учурда күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим суроодо", – деп айтылат маалыматта.

Анын бул ишине юридикалык баа берилери айтылды.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттын айтканы ага абийир алып келбейт! ИИМ Сулаймановго жооп кайтарды
Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.
Акыркы маалыматтар боюнча, вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14кө жетти.

Мындан улам өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0