Бишкекте ӨК режими учурунда жүрчү троллейбустардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековЗабастовка водителей маршруток в Бишкеке
Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу Бишкекте коомдук транспорттун ичинен троллейбустар гана жүрүп турмай болду.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкекте троллейбустар штаттык режимде иштей берерин мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Төмөнкү линиялар кызматта болот:

  • №4 — Эт комбинат — Кожзавод;
  • №5 — "Аламедин" базары — Жал кичирайону;
  • №7 —Ак-Өргө конушу —Туңгуч кичи району ;
  • №8 — Лермонтов көчөсү — Ак-Өргө конушу;
  • №9 — Дыйканчылык институту — Аламедин-1 кичи району;
  • №10 — Эт комбинат — Асанбай кичи району;
  • №11 — Асанбай — Чыгыш автобекети;
  • №14 — Жал кичи району — Киркомстром;
  • №17 — Кожзавод — Асанбай кичи району.

Транспорттун аталган түрүнүн иши тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынын (0559) 73-38-66 номери аркылуу билүүгө болот.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 14кө жетти. Сегизи Сузак районунда, үчөө Ноокатта, экөө Бишкекте жана бирөө Баткенде катталды.

Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0