00:50 31 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (874)
280 0 0

Чет өлкөдөн келе албай жаткан туристтер көбүнчө казакстандык авиакомпаниялардын кызматын пайдаланып учуп баргандар. Кийин Казакстан чет элдиктерге чек арасын жаап койгон соң алар кайта албай калды.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Түркия жана Египетте калып калган кыргызстандык туристтерди алып келүү маселеси бүгүн-эртең чечилет. Бул тууралуу онлайн-брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, булар казакстандык авиакомпаниялардын кызматын пайдаланып учуп баргандар. Бирок кийин Казакстан чет элдиктер үчүн чек арасын жаап койгон соң келе албай калышты.

Ошондой эле өкмөт атамекендик "Авиа Траффик" компаниясы менен сүйлөшкөнү, учурда каттамдын аргоритми иштелип жатканы кошумчаланды.

"Египетте 130дай кыргызстандык бар. Түркияга эс алууга барган мекендештерибиз дагы жардамга муктаж болуп турат. Египет өкмөтү менен биздин учакты киргизүүгө уруксат алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал эми Түркия бийлигине жергиликтүү авиакомпаниялардын учагы менен алып келип бергиле деп сураныч кат жолдогонбуз, бирок оң жооп ала элекпиз. Азыр өзүбүздүн бортубузду жиберүү маселесин карап жатабыз, бүгүн чечилет", — деди Акышев.

Мындан тышкары, журналисттер Таиланддын Бангкок шаарынан келе албай жаткан кыргызстандыктардын тагдыры эмне болоруна кызыгышты. Агенттик жетекчиси алар тууралуу кабары жок экенин, бирок бул маселени дагы карап чыгарын убадалады.

Ушу тапта Кыргызстандагы абал тууралуу Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан билсеңиз болот.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (874)

Тема боюнча

Коронавирустун бар-жогун аныкташ үчүн кимдер тест тапшыра алары айтылды
Индияда 11 кыргызстандык карантинге алынды
Чүйгө кирген адамдар тепловизор менен текшерилип жатат. Видео
Белгилер:
коронавирус, каттам, турист, Кыргызстан, Египет, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ