Чүйгө кирген адамдар тепловизор менен текшерилип жатат. Видео

© Фото / Пресс-служба Полномочного представительства Правительства в Чуйской областиЧүйгө кирген адамдарды медициналык кызматкерлер тепловизор менен текшерип жатат
Чүйгө кирген адамдарды медициналык кызматкерлер тепловизор менен текшерип жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу максатында облуска жогорку даярдык режими киргизилген.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Чүй облусунун аймагына кирип-чыккан ар бир адам тепловизор менен текшерилип жатат. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу максатында облуска жогорку даярдык режими киргизилген.

Анын алкагында Боом капчыгайынын кире беришине жана Сосновка менен Суусамыр айылдарына блокпосттор коюлган. Мындан тышкары, облустун чоң шаарларына дагы блокпост коюу маселеси каралууда.

Ошондой эле калктуу конуштар, көчөлөр жана чоң жолдор дезинфекцияланып жатат.

Чүй облусунун башчысы Алтынбек Намазалиевдин жетекчилиги алдында атайын штаб түзүлүп, коронавирусту алдын алуу боюнча иш алып барылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0