Өзгөчө кырдаал учурунда Бишкекте ишин токтото турган жайлар

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКиши медициналык бет капчан аэропортто. Архив
Киши медициналык бет капчан аэропортто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада вирустун тарап кетишине жол бербөө үчүн чаралар көрүлүүдө. Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды кыймылды азайтып, үйдө болууга чакырат.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн Кыргызстанда 22-марттан тарта бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал режими ишке кирмей болду. Буга байланыштуу Бишкектеги бир катар жайлар ишин убактылуу токтотот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, соода жана көңүл ачуучу борборлор, азык-түлүк сатпаган дүкөндөр жана башка эл көп топтолгон объектилердин бардыгы жабылат.

ИИМдин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Учурда өлкөдө абал кандай
Буга чейин троллейбустан башка коомдук транспорттун бардыгы 22-марттан тарта ишин токтото турганы айтылган. Ошондой эле 23-марттан баштап ири “Дордой” соода базары дагы жабылары маалымдалды.

Шаар ичинде азык-түлүк саткан дүкөндөр, супермаркеттер жана дарыканалар иштей берет.

Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды кыймылды азайтып, үйдө болууга чакырат.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14кө жетти. Алардын экөө Бишкектен аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0