Жылкыбаев: Ноокатта коронавирус жуктурган аялдын кызы Чүйгө качкан эмес

© Sputnik / Евгений ОдиноковӨкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министринин орун басары Ноокатта вирус жуктурган аялдын кызы Чүйгө качып келгенин айткан болчу.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Ноокатта коронавирус жуктурган аялдын кызы апасынан COVID-19 аныкталганга чейин эле Чүйгө кеткен. Атайын качкан эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең мененки маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков Ноокатта вирус жуктурган аялдын кызы түнү менен Чүйгө качып келгенин айткан. Бүгүн ал бул жактагы туугандары менен кошо карантинге алынган.

Облус жетекчиси мындай маалымат туура эмес экенин билдирип, тактоо киргизди.

“Аялдын кызы негизи Чүйдө жашайт экен. Вирус жуктурган тургун менен байланышкан адамдарды аныктоо учурунда анын күйөөсүнөн маалымат алышкан. Ал кызы апасы умрадан келгенден кийин учурашып кайра кеткенин билдирген. Ошол учурда апасынан коронавирус аныктала элек болчу”, — деди Жылкыбаев.

Ошондой эле ал районго өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин коронавирус чыккан эки айылга адамдардын кирип-чыгуусуна бөгөт коюлганын белгиледи.

Мындан сырткары, облус жетекчиси аймактар аралык жана шаарга каттаган коомдук транспорттор токтотулганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0