БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун эки тургунунун анализдери таза чыкты. Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Мирбек Сагынбаев кабарлады.
“Коронавирустун жайылуусун алдын алуу боюнча облустук штабдын жыйынында директор эки жарандын коронавируска кабылбаганын кабарлады”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунан Сауд Аравияга кичи ажылыкка 16 адам барып келген. Алардын үчөө Караколдон, төртөө Түптөн, экөө Ак-Суудан, бирөө Чолпон-Атадан, алтоо Жети-Өгүздөн эле. Булардын ичинен бир эле киши коронавирус аныкталгандар менен чогуу бир каттамда келгендиктен, медициналык жайга изоляцияланган.
Коронавирус Кыргызстанда
Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.
21-мартта дагы Сузактын беш, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.