Ысык-Көлдө кичи ажылыкка барып келген эки жарандын анализи чыкты

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүКандын пробалары менен пробиркалар. Архив
Кандын пробалары менен пробиркалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусунан Сауд Аравияга кичи ажылыкка 16 адам барып келген. Алардын үчөө Караколдон, төртөө Түптөн, экөө Ак-Суудан, бирөө Чолпон-Атадан, алтоо Жети-Өгүздөн эле.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун эки тургунунун анализдери таза чыкты. Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Мирбек Сагынбаев кабарлады.

“Коронавирустун жайылуусун алдын алуу боюнча облустук штабдын жыйынында директор эки жарандын коронавируска кабылбаганын кабарлады”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунан Сауд Аравияга кичи ажылыкка 16 адам барып келген. Алардын үчөө Караколдон, төртөө Түптөн, экөө Ак-Суудан, бирөө Чолпон-Атадан, алтоо Жети-Өгүздөн эле. Булардын ичинен бир эле киши коронавирус аныкталгандар менен чогуу бир каттамда келгендиктен, медициналык жайга изоляцияланган.

Коронавирус Кыргызстанда

Шаарга кирип жаткан жердеги блокпост. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткендин үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0