Ысык-Көлдүн кире беришине блокпосттор коюлуп, базарлар жабылмай болду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРабота "Ярмарки на Пражской"
Работа Ярмарки на Пражской - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдө кийим, курулуш жабдууларын саткан базарлардын баары жабылып, облуска кирип-чыккан аймактарга дарыгер, милициялар турган блокпосттор коюлат.

БИШКЕК, 20-мар. – Sputnik. Ысык-Көл облусундагы азык-түлүк саткан базарлардан башка соода жайларынын баары карантинге жабылат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустагы кийим, курулуш жабдууларын саткан базарлардын баары жабылат.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, жергиликтүү бийлик эл көп чогулган жерде коронавирустун жайылып кетпешин алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүшү керек.

"Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын, талаптарын аткаруу зарыл. Калкты вирустан сактоо үчүн аргасыздан базарларды жаап жатабыз", – деди Осмоналиев.

22-марттан тарта Ысык-Көл облусуна кирип-чыккан аймактарга блокпосттор коюлат. Ал жакта милиция, медицина кызматкерлери нөөмөттө болуп, ар бир адамды текшерип өткөрүшөт.

Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар

Кыргыз Республиканын аскерлери блокпост жанында турат. Архивное фото  - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаал деген эмне жана андагы укуктар менен милдеттер. Түшүндүрмө
18-март күнү эртең менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам катталганын билдирген. 70, 62 жана 42 жаштагы эркектер Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиясынан ажылыктан келишкен. 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0