Жалал-Абадда коомдук транспорт токтоп, кафелер жабылат

Жазылуу
Азык-түлүк сатылган базарлардан башка кийим, автоунаа, эмерек, турмуш-тиричилик буюмдарын саткан жайлар эртеңден тарта үч аптага ишин токтотот.

БИШКЕК, 20-мар. – Sputnik. Жалал-Абад шаарында 21-марттан тарта тамактануучу жайдын баары жабылып, маршруттук каттамдар токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бул иш-аракеттер коронавирусту алдын алуу, анын жайылып кетпешине бөгөт коюу максатында жүргүзүлүп жатат.

"Шаарда 21-марттан тарта бардык тамактануучу жайлар, тез татымдар жабылат. Азык-түлүк сатылган базарлардан башка "Нооруз", "Шабдалызар", "Мадумар-Ата" базарлары, “Береке” базарынын кийим саткан бөлүгү, автоунаа, эмерек, турмуш-тиричилик саткан жайлар эртеңден тарта үч аптага ишин токтотот", — деди маалымат кызматы.

Мындан сырткары, маршруттук каттамдар да токтой турганы маалым болду.

Кыргызстандагы коронавирус

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми бүгүн, 20-мартта, умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0