Ирандан келген кыргызстандык айдоочуларды Казакстан өткөрө баштады

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПервые КамАЗы с гуманитарной помощью из РФ прибыли к КПП на границе с Украиной
Первые КамАЗы с гуманитарной помощью из РФ прибыли к КПП на границе с Украиной - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак тарап транзиттик коридорду кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн гана түзүп берди жана бул бир жолку гана акция.

БИШКЕК, 20-мар. – Sputnik. Ирандан Кыргызстанды көздөй Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу багыт алган жүк ташуучу унааларды Казакстан тарап өткөрө баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Котяевка-Курмангазы казак-орус чек ара көзөмөл бекетинен Казакстанды көздөй 25 жүк ташуучу унаадан турган биринчи колонна өткөрүлдү. Алар Казакстандын Кайгуул милициясынын коштоосунда Кыргызстанды көздөй бет алышты.

Проблема затора в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
ОСАГО мыйзамы 1-апрелден тарта иштей баштайт. Кайсы айдоочулар кирет
Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин берген маалыматы боюнча, казак тарап транзиттик коридорду кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн гана түзүп берди жана бул бир жолку акция.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда алыска жүк ташыган айдоочулардын видеосу чыгып, коронавирустан улам Ирандан чыга албай калышканын, тамак-ашы менен күйүүчү майы түгөнгөнүн айтышкан. Кийин ТИМ бул маселеге киришип, Иранда калган айдоочуларды Иран-Азербайжан чек арасын көздөй жылганын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0