Элди таратып, дүкөндөр жабылууда. Ноокат районундагы абалдын видеосу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүОперация правоохранительных органов Киргизии в Бишкеке
Операция правоохранительных органов Киргизии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокаттын үч тургуну коронавирус жуктурганын кабарлап, андан кийин районго өзгөчө кырдаал киргизилген.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда элди үйлөрүнө тароосун өтүнүп, соода түйүндөрүн жаап жатышат. Бул тууралуу "Короче" Telegram каналы кабарлайт.

Белгилей кетсек, бүгүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокаттын үч тургуну коронавирус жуктурганын кабарлаган. Мындан соң районго өзгөчө кырдаал киргизилген.

Кадрларда көрүнүп тугандай, милиция жолго автолорду тизип, тосмо кылып койгон. Районго кирип-чыгууга чектөө киргизилген. Автордун айтымында, элди үйлөрүнө тароого чакырып, соода түйүндөрүн жаап жатышат.

Ушундай эле кырдаал бир нече күн мурда Жалал-Абад облусунда түзүлгөн. Анда дагы коронавирус жуктургандар аныкталып, аймакка өзгөчө кырдаал киргизилген.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0