Нарындагы райондордун кире беришине көзөмөл жайлар орнотулду. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба УВД Нарынской областиСитуация в Нарынской области из-за коронавируса
Ситуация в Нарынской области из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул иш-чаралар коронавирус илдетинин аймакка кирип жана жайылып кетишин алдын алуу, ошондой эле коомдук тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу максатында жасалып жатканын айтышты.

БИШКЕК, 20-мар. – Sputnik. Нарын облусунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу жана анын алдын алуу максатында аталган аймакка кирүүчү жолдордо өткөрүү пунктулары иштеп жатат. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба УВД Нарынской областиСотрудники милиции во время проверки на въезде в Нарынскую область
Нарын облусунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу жана анын алдын алуу максатында аталган аймакка кирүүчү жолдордо өткөрүү пунктулары иштеп жатат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Нарын облусунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу жана анын алдын алуу максатында аталган аймакка кирүүчү жолдордо өткөрүү пунктулары иштеп жатат
© Фото / пресс-служба УВД Нарынской областиСотрудники милиции во время проверки на въезде в Нарынскую область
Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты
© Фото / пресс-служба УВД Нарынской областиМедицинские работники во время проверки на въезде в Нарынскую область
Бул иш-чаралар коронавирус илдетинин аймакка кирип жана жайылып кетишин алдын алуу, ошондой эле коомдук тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу максатында жасалып жатканын айтышты - Sputnik Кыргызстан
3/4
Бул иш-чаралар коронавирус илдетинин аймакка кирип жана жайылып кетишин алдын алуу, ошондой эле коомдук тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу максатында жасалып жатканын айтышты
© Фото / пресс-служба УВД Нарынской областиСотрудники милиции во время проверки на въезде в Нарынскую область
Буга чейин Нарын облусунда кичи ажылыкка барып келген эки жана алар менен байланышта болгон төрт жарандын карантинге алынганы кабарланган - Sputnik Кыргызстан
4/4
Буга чейин Нарын облусунда кичи ажылыкка барып келген эки жана алар менен байланышта болгон төрт жарандын карантинге алынганы кабарланган
1/4
Нарын облусунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу жана анын алдын алуу максатында аталган аймакка кирүүчү жолдордо өткөрүү пунктулары иштеп жатат
2/4
Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты
3/4
Бул иш-чаралар коронавирус илдетинин аймакка кирип жана жайылып кетишин алдын алуу, ошондой эле коомдук тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу максатында жасалып жатканын айтышты
4/4
Буга чейин Нарын облусунда кичи ажылыкка барып келген эки жана алар менен байланышта болгон төрт жарандын карантинге алынганы кабарланган

Тагыраагы, блок-посттор Нарын облусуна кирүүчү төмөнкү аймактарга коюлду:

  • Кочкор районунун Кочкор айыл аймагындагы Сары-Чат;
  • Жумгал районунун Арал айыл аймагындагы Сары-Камыш;
  • Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл аймагындагы Ак-Тал-Чат участоктору.
"Ар бир постто Нарын облусундагы ички иштер органдарынын экиден кызматкери күнү-түнү кезметке туруп иштеп жатат. Андан сырткары, райондук мамлекеттик администрациясынын, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлү жана медицина кызматкерлери да бар", — деп айтылган маалыматта.

Бул иш-чаралар коронавирус илдетинин аймакка кирип жана жайылып кетишин алдын алуу, ошондой эле коомдук тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу максатында жасалып жатканын айтышты.

Буга чейин Нарын облусунда кичи ажылыкка барып келген эки жана алар менен байланышта болгон төрт жарандын карантинге алынганы кабарланган.

Кыргызстандагы коронавирус

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктургандар 2000ден ашык киши менен байланышкан. 65и — Бишкекте
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми бүгүн, 20-мартта, умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0