Коронавирус тууралуу 10 факт. Антибиотикти тоотпойт, кеч билинет, акчадан жугат

© AFP / LILLIAN SUWANRUMPHAЛабораториянын кызматкери коронавируска анализ жүргүзүп жатат. Архив
Лабораториянын кызматкери коронавируска анализ жүргүзүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө элинин үшүн алган коронавирус Кыргызстанга да жетип, бул оору тууралуу маалымат алуу актуалдуу болуп турган чагы. Өзгөчө эл көп билбеген фактылар кызык туюлат.

Учурда ооруну алдын алуу, сактануу жолдору жана вирустун келип чыгышы боюнча ар бир экинчи киши кеп кылып жаткандай. Sputnik Кыргызстан агенттиги ишенимдүү сайттардан мындан да башка пайдалуу жана кызыктуу маалыматтарды топтоду.

Коронавирус узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тарады. Андан бери 200гө чукул мамлекетке жайылып, жүз миңдеген кишиге жугуп, миңдеген киши көз жумуп жатат. Ошондой эле айыккандар да көп. 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган. 

© REUTERS / Alissa Eckert, MS; Dan Higgins, MAM/CDC/HandoutКоронавирустун микроскоптон көрүнүшү. Бекеринен аны "таажы" вирус деп аташпайт
Коронавирус тууралуу 10 факт. Антибиотикти тоотпойт, кеч билинет, акчадан жугат - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун микроскоптон көрүнүшү. Бекеринен аны "таажы" вирус деп аташпайт

Оору кимдерге жабышат?

Адам канчалык жаш болсо, ооруну жуктуруп алуу жана өтүштүрүп жиберүү коркунучу азыраак. Ал эми жашы өткөндөр менен өнөкөт оорусу барлар үчүн вирус кооптуу. Балдар COVID-19 вирусун билинбей алып жүрүшү мүмкүн. Анткени алар жеңил кабыл алып, белгилери анча билинбейт. Аялдар менен эркектер дартка бирдей эле кабылат. Эгер бул ооруну алты айлык боюнда бар келин жуктуруп алса, ымыркай дени сак эле төрөлөт деп айтылат. Жаңы бойго бүткөндө түйүлдүккө бул вирус кандай таасир этерин айтуу азырынча эрте.

Ичеги-карындын иштешин бузат

Тез жардам кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун пайдалуу жагын Бишкектеги Тез жардамдын кызматкери айтып берди
Эгер коронавирус дем алуу органдарын гана жабыркатат десеңиз, анда жаңылышасыз. Америкалык окумуштуулар тамак-аш сиңирүү системасына дагы зыян келтирерин айтып чыгышты. Адистер вируска чалдыккан 204 бейтаптын ден соолугуна байкоо салышкан. Алардын жарымы табити жоголуп, ичи өтүп, кээде жүрөгү айланып, кускусу келип, ичи ооруп жатканын айтып беришкен. Ошол эле убакта бейтаптарда дем алууга байланышкан көйгөйлөр кийинчерээк пайда болуп же такыр билинген эмес. Натыйжада изилдөөчүлөр ичеги-карынында өнөкөт оорусу бар адамдардын вирусту жеңиши кыйын деген бүтүмгө келишкен.

Акча аркылуу жугат

Коронавирус накталай акча аркылуу жугушу мүмкүн экендиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамаларында айтылат. Вирус кагазда 3-4 күн, желим буюм-тайымда тогуз күнгө чейин жашайт. Андыктан банк картасы аркылуу төлөм жүргүзгөндө пин-кодду терип жатып этият болуу керектиги белгиленди. 

© REUTERS / StringerАдам канчалык жаш жана өнөкөт оорулары аз болсо, вирусту жуктуруп алуу жана өтүштүрүп жиберүү коркунучу азыраак экендиги айтылат.
Коронавирус тууралуу 10 факт. Антибиотикти тоотпойт, кеч билинет, акчадан жугат - Sputnik Кыргызстан
Адам канчалык жаш жана өнөкөт оорулары аз болсо, вирусту жуктуруп алуу жана өтүштүрүп жиберүү коркунучу азыраак экендиги айтылат.

Өзү тууралуу кеч белги берет

Америкалык окумуштуулардын жаңы изилдөөлөрүнө ылайык, Кытайда жаңы типтеги коронавирустун бат тарашына бейтаптардын көбүндө оорунун симптомдору көп убакыт билинбей жүрө берип, кийинчерээк кабар бериши себеп. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, дарттын симптомдору жок жүргөндөр жалпы бейтаптардын 55 пайызын түзөт. 79 пайызында вирусту алып жүрүүчүлөр ооруну жуктурган болушу мүмкүн болуп эсептелинет. Кытай бийлиги 2020-жылдын 23-январынан тарта оорунун тарашын көзөмөлдөө чараларын көрүп, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин вирустун жайылышы төмөндөй баштаган.

Күн ысыганда жоголбойт

Күндүн жылышы менен коронавирус жоголот деген божомолдор анчалык негиздүү эмес. Мындай пикири менен Россиянын Илимдер академиясынын кызматкери, медицина илимдеринин доктору Борис Ревич бөлүшкөн.

"Абанын температурасы канчалык көтөрүлгөн сайын коронавирус ошончолук алсызданат деген ишеним пайда болууда. Бирок бул жөн гана айрымдардын фантазиясы. Ойлоп көрсөңөр, вирус кышкысын 10 градус жылуу болгон Ухань шаарынан келди", — деген илимпоз.

Анын айтымында, азыр вирус кайдан келип чыгып, алгач кимге жукканы тууралуу маалыматтар дагы деле акырына чейин иликтенип бүтө элек. Андыктан анын кандай учурда, кантип жок болорун дагы эч ким билбейт.

Арча коронавирус менен күрөшүүгө жардам береби?

Дарыгерлер арчанын түтүнүн медициналык жактан далилденгенин айтышты. Алардын пикиринде, арчанын түтүнү жана эфир майлары микроорганизмдерди жок кылат. Ошондой эле абаны тазалап, вирустун тарашына бөгөт коёт. Кененирээк Sputnik тарткан видеодон көрүңүздөр. 

© © SputnikАзыр вирус кайдан келип чыгып, алгач кимге жукканы тууралуу маалыматтар дагы деле акырына чейин иликтенип бүтө элек. Андыктан анын кандай учурда, кантип жок болорун дагы эч ким билбейт.
Коронавирус тууралуу 10 факт. Антибиотикти тоотпойт, кеч билинет, акчадан жугат - Sputnik Кыргызстан
Азыр вирус кайдан келип чыгып, алгач кимге жукканы тууралуу маалыматтар дагы деле акырына чейин иликтенип бүтө элек. Андыктан анын кандай учурда, кантип жок болорун дагы эч ким билбейт.

Коронавирус жакында адам өмүрүн албай калабы?

БУУнун алдындагы Эмдөөлөрдүн эл аралык институтунун илим жаатындагы жетекчисинин орун басары Михаил Фаворовдун айтымында, убакыттын өтүшү менен коронавирус адам өмүрүн албай калат.

Анын айтымында, вирус жаныбардан адамга өтүп тарагандан кийин кишинин организмине адаптация болот.

"Кайсы бир мезгилде вирус бешинчи, алтынчы, миллионунчу адамга жеткенде ал жаныбарлардын эмес, бизге, адамга, тиешелүү вирус болуп калат дагы, ээсин өлтүрбөй калат. Негизи дээрлик ар бир адамда коронавирустун 40тан ашык түрү жашайт, анын айынан кээде мурун бүтүп калат", — деген Фаворов.

Ал ошондой эле жапайы жаныбарларды кармоо, аларды базарларда сатуу токтобосо эпидемия жайыла берерин кошумчалаган.

Антибиотиктер коронавирусту өлтүрбөйт

Новосибирск университетинин биотехнология жана вирусология лабораториясынын жетекчиси Сергей Нетесовдун айтымында, антибиотиктер, же башкача айтканда, микробго каршы препараттар бактерияны гана өлтүрө алат. Вирустар бул организм эмес, алар кишинин клеткасынын ичинде жашайт. Вируска, анын ичинде коронавируска каршы антибиотиктерди колдонуу пайдасыз. Ал дарылар бактериалдык инфекцияларда гана жардам берет. Бирок адис дарыгерлер коронавируска микробдук патогендер кошулуп кеткенде антибиотик жаза аларын белгилеген. 

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүАйрым адистердин билдиришинче, антибиотиктер коронавирусту өлтүрбөйт. Себеби ал бактериалдык инфекцияларда гана жардам берет экен.
Коронавирус тууралуу 10 факт. Антибиотикти тоотпойт, кеч билинет, акчадан жугат - Sputnik Кыргызстан
Айрым адистердин билдиришинче, антибиотиктер коронавирусту өлтүрбөйт. Себеби ал бактериалдык инфекцияларда гана жардам берет экен.

Кайсы дары жакшы жардам берет?

Кытай дарыгерлери коронавируска каршы гриппти дарылоочу "Авиган" каражатын колдонуп жатканы белгилүү болду.

Биотехнологияны өнүктүрүү боюнча улуттук борбору бул дарыны 320 бейтапка пайдаланып көргөн.

"Авиган" ичкендердин дене табы эки күндүн тегерегинде калыбына келген. Ал эми ансыз дарылангандардын дене табы төрт күнгө чейин түшпөй койгон. Жөтөлгө дагы бул дарынын жардамы тийген. Мисалы, аны ичкендер 4-5 күн гана жөтөлсө, ичпегендер алты күндөн ашык жөтөлдүн азабын тартышкан", — деп жазылат макалада.

Бул каражаттын вирус менен жакшы күрөшөрүн медиктер анализдер аркылуу байкашкан. Мисалы, "Авиган" менен дарылангандардын анализи төрт күндө вирусту көрсөтпөй калса, башка дары ичкендердин организминде инфекция 11 күнгө чейин жашаган.

Вируска каршы вакцина тестирленип баштады

Белгилей кетсек, учурда коронавирустун дарысы жок. Бирок жакында эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус COVID-19 вирусуна каршы алгачкы вакциналарды тестирлөө башталганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0