11:11 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1457)
1603 0 0

ИИМ укук коргоочулар күчөтүлгөн режимде иш алып барып жатканын жана башаламандыкка жол берилбей турганын убадалады.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун жогорку трибунадан элди дүрбөлөңгө сала турган кеп айтканы ага абийир алып келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Укук коргоо органынан белгилешкендей, эл өкүлү параламентте коронавирус пандемиясы талкууланып жаткан кезде "Оор күндөр күтүп турат. Кылмыштуулук өсөт, дүкөндөр тонолот", - деп айткан. Анын бул кеби ЖМКлар аркылуу элге тараган.

"Акыркы күндөрү дүйнө жүзү боюнча бийлик бутактары калкты тынчтанууга, паникага алдырбоого чакырып жатат. Тилекке каршы, коронавирус Кыргызстанда дагы катталды. Буга байланыштуу биздин жарандар арасында да тынчсыздануу жаралды. Депутаттын айткандары ЖМКлар аркылуу элге тарап жаткандыгына байланыштуу жооп кайтарууга аргасыз болдук. Бүгүнкү күндө ИИМ мамлекеттик органдар менен биргеликте элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн болгон аракетин жумшап жатат. Укук коргоочулар күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Башаламандыкка жол берилбейт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өзгөчө маанидеги объектилердин бардыгы көзөмөлдө экени белгиленди.

Мындан сырткары, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жалган маалымат тараткандар колго түшүп жатканы кошумчаланды.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1457)

Тема боюнча

Ош шаарында коомдук транспорт толугу менен токтотулду
Беткапчан кишилер уйкунун дарысын сээп, үйлөрдү тоноп жатабы? ИИМдин жообу
Белгилер:
коронавирус, Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ