Ош менен Баткенде базарлар жабылууда. Тизме

© Медербек НиязалиевБаткен шаарындагы базардын сатуучулары. Архив
Баткен шаарындагы базардын сатуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чектөөлөр эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу киргизилүүдө, эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталып жатат.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Коронавирус боюнча өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ош шаарында төрт базар жабылууда. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүндөн тарта борбордук автоунаа базары, автоунаа тетиктерин саткан базар, кийим-кече саткан борбордук жана "Келечек" базары убактылуу жабылат. Ошондой эле мал базары дагы убактылуу иштебейт. Мындай аракеттер алдын алуу чаралардын алкагында көрүлүүдө.

Каптагы ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эртең Ошто ун жарманкеси башталат. Бир кишиге 2 каптан ашык сатылбайт
Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана дарыканалар ишин токтотпойт.

Кандайдыр бир суроолор жаралса, Ош шаарынын мэриясынын ишеним телефону (03222) 5-53-84 күнү-түнү жооп берет.

Мындан сырткары, Баткендеги базарлар дагы жабылууда.

Шаардын борбордук базары, Тажикстан менен чектешкен "Самаркандек" базары, "Кара-Бак" базары, Кадамжайдагы "Халмион" базары жана башка дагы ушул сыяктуу облус, район, шаарлардагы ири базарлар иштебей турган болду.

Ошондой эле мал базарлары, автоунаа базарларынын иштешине да тыюу салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0