Мындан ары умрадан келгендердин баары обсервацияга жаткырылат

© REUTERS / POOLДарыгрелер оруукананын карантин бөлмөсүндө. Архив
Дарыгрелер оруукананын карантин бөлмөсүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин министрдин орун басары 19-20-март күндөрү умрадан 300 кыргызстандыктын келе турганы айтылган болчу.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Мындан ары Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келгендердин баары карантинге жаткырылат. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 18-март күнү министрдин орун басары Төлө Исаков алдыдагы эки күндө умрадан 300 кыргызстандык келе турганын айткан. Бирок Чолпонбаев соңку эки күндө кичи ажылыктан келгендер боюнча маалымат жок экенин белгиледи.

Министрдин айтымында, учурда обсервацияда 410 киши жатат, андан тышкары, 1252 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө.

"Умарадан келгендер боюнча маалымат жок. Түндө Москвадан, Бириккен Араб Эмирлигинен, Түркиядан авиакаттамдар келди. Көпчүлүгү эмгек мигранттары, эс алуудан кайткан кыргызстандыктар экен. Аларды алгоритмге ылайык текшерип жатабыз. Мен умрадан келгендердин баарын обсервацияга жаткыргыла деп тапшырма бергем. Ал боюнча азыр барып тастыктап, кийинки маалымат жыйынында айтып беребиз", — деди Чолпонбаев.

Кыргызстандагы коронавирус

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуу түшпөй, дайыныңарды айткыла! Министр умрадан келгендерге кайрылды
Ал эми бүгүн, 20-мартта, умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0