Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан

Дагы үч адамдан коронавирус аныкталды. Учурда өлкөдө абал кандай

Жазылуу
Буга чейин Жалал-Абаддын Сузак районунан дагы кичи ажылыктан келген үч кишиден коронавирус табылган болчу.

Бүгүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда дагы үч адамдан коронавирус аныкталганын билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү абал боюнча тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
17:35 20.03.2020

Облуста 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, үч реабилитациялык борбор жана балдар эс алган 19 лагерь иштейт.

17:20 20.03.2020

Республикалык штаб жарандарды зарылдык жок болсо үйдөн чыкпоого, мүмкүнчүлүккө жараша үйдө отуруп иштөө режимине өтүүгө жана коомдук жайларга барбоого чакырат.
Эгер сиз өзүңүздү начар сезсеңиз, ыкчам байланыш номерлерине чалыңыз:
КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы республикалык штаб: 0312 66 06 63. WhatsApp: 0770 89 55 56.
КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам байланыш номерлери: 0312 32 30 55, 0312 32 32 02.

16:47 20.03.2020

Маалымат жана технология боюнча мамлекттик комитет өлкөнүн IT коомчулугу менен биргеликте коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын ишин колдоп, ыкчам IT штаб түзүүнү демилгеледи.

Ыкчам IT штаб өлкөдөгү кырдаалдын жакшырышына өбөлгө түзгөн тез жана иштиктүү ар кандай IT чечимдерди жаратууда КР өкмөтүнө колдон келишинче жардамын берет. Ошондой эле социалдык демилгелерди көтөргөн жеке түзүмдөр менен уюмдарга дагы көмөктөшөт.

16:43 20.03.2020
16:24 20.03.2020

Нарын облусунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу жана анын алдын алуу максатында аталган аймакка кирүүчү жолдордо өткөрүү пунктулары иштеп жатат. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Тагыраагы, блок-посттор Нарын облусуна кирүүчү төмөнкү аймактарга коюлду:

Кочкор районунун Кочкор айыл аймагындагы Сары-Чат;
Жумгал районунун Арал айыл аймагындагы Сары-Камыш;
Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл аймагындагы Ак-Тал-Чат участоктору.

Ситуация в Нарынской области из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
13:17 20.03.2020

Каржы министрлиги коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга акча каражатын которуу үчүн энчилүү эсептерди ачкандыгы белгилүү.
Ага 20-март, саат 12.30га карата 2 миллион 200 миң сом келип түштү.

13:14 20.03.2020

Ноокатта коронавирус аныкталган үч кишинин туугандары азырынча обсервация жайына жаткырыла элек.

13:02 20.03.2020

Ал эми Бишкекте дүкөн, дарыканалар жана базарлар иштеп жатат.

13:02 20.03.2020
12:34 20.03.2020

Ноокатта коронавирус жуктуруп алгандар 67, 71 жана 77 жаштагы аялдар. Үчөө эки башка айылдан. Алар кичи ажылыкка барып, Кувейт аркылуу Ошко учуп келишкен.

12:03 20.03.2020

COVID-19 коронавирусу боюнча өлкөдө түзүлгөн кырдаалга ылайык, Ош шаарында 4 базар жабылууда.

Бүгүнтөн тарта борбордук автоунаа базары, автоунаа тетиктерин саткан базар, кийим-кечек саткан борбордук жана "Келечек" базары убактылуу жабылат. Мындай аракеттер алдын алуу чаралардын алкагында көрүлүүдө.

Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана дарыканалар иштейт берет.

Жарандарга эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталууда. Ал эми кандайдыр бир суроолор жаралса, Ош шаарынын мэриясынын ишеним телефону (03222) 5-53-84 күнү-түнү жооп берет.

11:04 20.03.2020

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жуктуруп алган Сузактагы үч кишинин абалы канаттандырарлык экендигин маалымат жыйында айтты.

"Үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык, бирок дене табы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп жатат", — деди министр. 

Коронавирус жуктуруп алгандардын үчөө тең эркек кишилер экени мурда кабарланган.

10:34 20.03.2020

Коронавирустан улам Ноокат районуна өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

10:04 20.03.2020

Коронавирус менен күрөшүүгө канча каражат сарпталды деген суроо болду. "Өкмөт 30 миллион сом бөлдү, 15,5 миллиону сарпталды. Дарыканаларда дарылардын жетиштүү болуусу үчүн 100 миллион карап берген. Донорлордон алууну да карап жатабыз. Акчадан тартыштык жок", — деди министр.

09:57 20.03.2020

Канча каражат коронавирус менен күрөшүүгө сарпталды деген суроо болду. "Өкмөт 30 миллион сом болду, 15,5 миллиону сарпталды. Дарыканаларда дарылардын жетиштүү болуусу үчүн 100 миллион карап берген. Азыр көлөмдү эсептен донорлордон алууну карап жатабыз. Акчадан тартыштык жок", — деди министр.

09:54 20.03.2020

Министр: учурда коронавирус табылган жарандар менен кошо келген жарандарды тактоо иштери жүрүп жатат. Так маалыматты алуу үчүн аэропортко жана Чек ара кызматына сурам жибердик.

09:53 20.03.2020

Министр эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү да алар менен иштеп жаткандыгын кошумчалады.

09:52 20.03.2020

"Карантинге алуу боюнча каршылык көрсөтүп, кээ бири түшүнүп, кээ бири түшүнбөй ар кандай нерселерди айтып жатат. Жеринде ӨКМдин кызматкерлери иштеп, түшүндүрүп жатат", — деди Чолпонбаев.

09:50 20.03.2020

Республиканын түштүк аймагында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу дагы кошумча 700 орундук уюштурулду. Жаӊы орундар “Ош” эл аралык аэропортунда дагы ачылууда. Бирок саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев адамдардын келүүсү кыйла азайгандыктан, аба майданындагы обсервация ресурстарынын болгону 50 пайызы гана пайдаланылып жатканын билдирди.

09:48 20.03.2020

Министр коронавирусту жуктуруп алгандар боюнча толук маалымат берүү, алардын аты-жөнүн коомчулукка жаюу туура эмес болорун айтты. "Алардын коңшу-колоң дегендери бар, аты-жөнүн ачыктоо жөнсүз болуп калат" деди.

09:48 20.03.2020

Чолпонабаев: умрадан учуп келе тургандар азыр катуу көзөмөлдө.

09:45 20.03.2020

Чолпонбаев: Карантин деп айтылгандан кийин жарандар аны аткарыш керек. Бул бир жагынан алып караганда жарандык бийик жоопкерчилик.

09:43 20.03.2020

Чолпонбаев: азыр оорунун канчага кишиге тарай турганын айтыш кыйын. Бул биздин оюбузда бар, учурда эпидемиологдорго айтылган.

09:43 20.03.2020

Министр тактоо иретинде маалыматты кайталады: 144 киши учуп келсе, экөө Өзбекстанга чыгып кеткен. 142 киши КРде калган. Алар толугу менен изолция кылынган. Сузактагы ооруган үч киши ошол сандын ичинде.

09:42 20.03.2020

Министр коронавирустан сактануу үчүн дары-дармекти өз алдынча ичкенден алыс болууга чакырды. Ал дарыгер менен кеңешип, анан ичүүнү кошумчалады. "Мындай учурда ден соолукка зыян келтирип аласынар" деди ал.

09:42 20.03.2020

Министр Чолпонбаев: Обсервацияда 410, медициналык көзөмөлдө 1250 киши турат. Биз эки түргө бөлүп алганбыз, обвсервация жана 14 күндүк карантин.

09:42 20.03.2020

Жаңы коронавирус табылган жарандар 12-мартта Сузактын тургундары менен бир учакта келген эмес. Алар түз каттам менен Ошко учкан.

09:40 20.03.2020

Министр Чолпонбаев: Вирусолог, санитардык дарыгерлерге жакшы кошумча акча төлөнөт. Эл менен иштегендер, оорулууну дарылап жаткандар, кеп-кеңеш берип кабыл алып жаткан медиктер бар. Аларды баарына каражатты дурус төлөп беребиз. Негизи эл менен ошол дарыгерлер иштеп жатат.

09:35 20.03.2020

"Мурда коронавирус кирбесин деп иштеп жатсак, эми анын Кыргызстанга тарап кетпешине аракет кылабыз. Албетте, чечкиндүү кадамдар болот. Эл айтканды аткарып, тартипти сакташ керек", - деди министр.

09:33 20.03.2020

Министр Чолпонбаев: ЕАЭБ атуулдарына, чет элдиктерге КРдин аймагына кирүүдө чектөө бар. Авиарейстер саналуу гана болууда. Андыктан, негизги иш Кыргызстандын ичинен, өзүнүн аймагына багытталат.

09:31 20.03.2020

Министр: штабдын, адистердин түз байланыш телефондору тынган жок. Чалгандар көп. Алар суроолоруна жооп алууда. Кең-кеңештер берилип жатат. Учурда мурдагылардан башка 100 деген номерди киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Элге вирус жана андан сактануу боюнча маалыматтарды арбын бергенге аракеттер көп.

09:30 20.03.2020

Министр: коронавирусту дүйнө (илимпоздор) толугу менен изилдеп бүтө элек. Биздин практикада деле оорулуунун жанында жүргөндөрдүн биринен чыкса, экинчисинен чыкпаган учурлар бар.

09:30 20.03.2020

Чолпонбаев: Бишкектеги дарыгерлерге видео менен көрсөтүштү. Албетте, психикалык абалы, маанайы басыңкы. Аларды караш үчүн кирип кеткен дарыгерлер чыга элек. Телефон менен байланышып жатабыз.

09:29 20.03.2020

Министр: алардын абалы канааттандырарлык, бирок дене табы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп жатат.

09:29 20.03.2020

Министр: Бишкек менен Жалал-Абаддын дарыгерлер улам консилиум өткөрүп, бири-бири менен байланышууда.

09:28 20.03.2020

Чолпонбаев: Бул окуя боюнча Ноокат районунун жетекчилиги да өзгөчө кырдаал киргизүү чечимин кабыл алса керек. Коронавирус жуктуруп алгандар эркек кишилер.

09:28 20.03.2020

Министр: аларда клиникалык белгилер жок, бирок лабораториялык изилдөөдө тастыкталды.

09:25 20.03.2020

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокаттан коронавирус табылганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0