Өлкөдөгү менчик бала бакчалар дагы иштебей турган болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСпециализированный Центр реабилитации детей и семьи (Дом ребенка) в Бишкеке
Специализированный Центр реабилитации детей и семьи (Дом ребенка) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-марттан 8-апрелге чейин кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан бардык бакчалар ишин токтотот.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мектепке чейинки билим берүү тармагындагы уюмдардын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Буйрукка ылайык, 2020-жылдын 20-мартынан 8-апрелине чейин менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан бардык бакчалар ишин токтотот.

Буга чейин коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык ыкчам штаб 20-марттан тарта эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин бала бакчалар ишин токтото турсун деп сунуш кылган. 

Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктары, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары буйрукту кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан бакча жетекчилерине жеткирүүгө милдеттендирилди. 

Мындан сырткары, бала бакчалардын имараттарынын ичинде санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү талабы коюлду.

Эмгек кодексинин 172-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, республикалык бюджеттен каржыланган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы сакталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0