Коронавирус жуктургандар менен чогуу келген баткендик 8 кишинин анализи чыкты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКоронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери
Коронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-март күнү Сауд Аравиясынан 144 адам учуп келген. Алардын үчөөсүнөн коронавирус аныкталган. Калган жүргүнчүлөр текшерүүдөн өтүп жатат.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Баткен облусунун сегиз тургунунун анализдери таза чыкты, коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Сузак районунда үч кишиден COVID-19 вирусу аныкталгандыгына байланыштуу аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Кыргызстандыктар Сауд Аравиясына кичи ажылыкка барып келишкен. Алар 12-март күнү "Манас" аба майданына конушкан. Рейсте 144 жүргүнчү болсо алардын сегизи Баткен облусунун тургундары экени белгилүү болгон.

"Коронавирус жуктуруп алган Сузактын үч тургуну менен бир рейсте учуп келген баткендик сегиз жарандан коронавирус аныкталган жок", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграмм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0