16:54 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (471)
282 0 0

Коронавирус аныкталган үч киши дал ушул райондун тургундары. Алар Сауд Аравиясынан кичи ажылыкка зыяратка барып келгендер.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алгандар аныкталган Сузак районунун Благовещенск, Бостон жана Орто-Сай айылдарындагы көчөлөр жана үйлөр дезинфекцияланып жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирип, видеосун жарыялады.

Иштерди Санитардык-эпидемиологиялык станция менен ӨКМдин кызматкерлери жасоодо. Аларды өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев көзөмөлдөп жатат.

Дезинфекцияга колдонулган каражат адамдар жана мал үчүн зыянсыз экени белгиленди.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.

Ооруну жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияда турат. Алардан башка 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындан сырткары, Кыргызстан четөлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизди.

19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (471)

Тема боюнча

Чын эле арча вирус менен күрөшүүгө жардам береби? Видео
Жогорку Кеңештин депутаты коронавирус менен күрөшүүгө 1 млн. сом берерин айтты
Белгилер:
Сауд Аравиясы, ӨКМ, дезинфекция, коронавирус, Сузак району, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ