09:12 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ак жарык (26)
4247 0 0

Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Жашоодо мээрим төгүү менен жакшы сөз гана адамга канат берип, көңүлүн өстүрөт эмеспи. Ал эми психологдордун айтымында, балдарды мээримге бөлөп багуу алардын жакшы адам болушун жана бакубат келечегин камсыздайт экен.

Ушул тапта жашоонун кыйынчылыгынан, стресстен, ар кандай көйгөйдөн улам бирөөнүн балдары эмес, өз балдарына мээрим төгө албай жаткандар четтен чыгып калды.

Таанышымдын жашоосуна байланышкан бул окуяны Sputnik агенттигинин "Ак жарык" рубрикасынын алкагында сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Каарманыбыздын айтымында, анын бир туугандарына кудай бул аялды туш кылбаганда кандай жашоодо болору белгисиз эле...

...Бул окуя Чүйдүн Ивановка айылында 1994-жылдардан кийин болгон. Мен анда алты жаштагы кенедей кыз элем. Эки иним төрт анан бир жаштагы кезинде апам оорудан улам каза болуп калды. Кийин билсем, айыккыс дартка чалдыккан экен. Апам ошол кезде кырктын кырына чыга элек кезинде кетиптир.

Чиедей үч бала жетим калдык. Сексенден ашкан чоң энем бар. Чындыгында жесил калган эркек адам үчүн кенедей балдарды карап, тамагын жасап, кир-когун жууп, ага кошуп материалдык жактан камсыздоо бир топ түйшүктүү иш. Ошол мезгилдерде байкуш атам аябай эле кыйналса керек.

Эсимде, бөбөктөрүм апамды издеп чырылдап ыйлап, ага кошулуп мен да ыйлачумун. Кыскасы томсоруп эле калганбыз.

Арадан туура эки жыл өтүп, атам Сабира апама баш кошту. Жаңы апам келгени үйүбүз башкача болгону бала да болсом сезилген. Башка кыздардай эми менин да апам бар болгонуна сүйүнгөм. Анан үйгө өзүм курактуу кыз келгенине да кубандым. Нурила менден бир жаш кичүү болуп, сиңдилүү болгом.

Апам негизинен тажикстандык кыргыздардан. Ошол жактан көчүп келишиптир. Мурунку турмушу эмне болгонун сураган эмесмин. Билгим деле келбейт. 

Апамды өгөй дегенге деле оозум барбайт. Себеби бизди өз балдарындай карады. Жүрөгү үшүп турган бөбөктөрүмдү бооруна кысып, кызына кошуп бизге да мээрим төктү. Сексендеги чоң энемди да багуу мойнунда болчу. Үйгө, тегерек-четке гүлдөрдү өстүрүп, жашылча эгип, бизди эмгекке тарбиялады. Мага аял кишиге тийиштүү иштердин баарын үйрөттү.

Нурила экөөбүздүн тең чачыбызды тыкыйта өрүп, бирдей кийинтчү. Инилерим жыгылып же ыйлап калса, жалооруп сооротуп жатканын эстесем азыр да көзүмө жаш тегеренип кетет.

Ушундай иш жасоо ар бир аялдын колунан келе бербесе керек.

Байкуш апам ал кезде отуздан бир аз өткөн келин экен. Жаштыгын биздин түйшүгүбүзгө арнаган ошол чырактай жаш энеге ыраазымын.

Биз карапайым эле турчубуз. Атам күндүзү кечке талаа иштеринде же курулушта иштечү.

Экөө биргеликте эки уул, эки кызды аздектеп өстүрүштү. Кийин биз чоңоюп, инилерим эр жетти. Азыр баарыбыз ынак, бир туугандар ынтымактуубуз. Жашообузда жакшы нерсе болсо эле атабыздан мурун апабыз менен бөлүшүүгө шашабыз. Инилерим өз апамды көп элес албай калышкангабы, менден да жакын.

Сиңдим экөөбүз азыр турмуш куруп, үй-жайлуу болдук. Иним үйлөнүп, балалуу болгон. Кичүүбүз үйлөнө элек.

Атам алтымышка таяп, апам элүүдөн өтүп калды. Үйгө барсам да көңүлүм ток кайтам. Неберелерин эркелетип, келиндин чайын ичип урмат-сыйда отурушат.

Өз апамдын эрте кеткенине өкүнөм, бирок апам жок деп да айткым келбейт. Менин эки апам бардай сезилет!

Ыраазымын сизге, мээримдүү апам!

Жарыгыбызды чача жүрөлүчү!

Тема:
Ак жарык (26)

Тема боюнча

Мен ушинтет белем?.. Стамбулдан Анкарага келип Ошко китеп салган студент
Эне менен балдарды бириктирген тигүү машинасы. Айзатка тийген ак жарык
Белгилер:
ак жарык, бир тууган, ата-эне

ЭҢ МААНИЛҮҮ