Министрлик: Таласта эч ким коронавирус жуктурган жок

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКоронавируска дест жасоо
Коронавируска дест жасоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кечке маал социалдык тармактарда Талас облусунда коронавирус аныкталгандыгы тууралуу билдирүүлөр тараган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Таласта коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Бүгүн кечке маал социалдык тармактарда Талас облусунда коронавирус аныкталгандыгы тууралуу билдирүүлөр тараган.

"Социалдык тармактарда жана мессенджерлерге тарап жаткан маалымат чындыкка туура келбейт. Андыктан расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө чакырам”, — деди Исаков.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграмм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0