Кыргызстанда эл каттоонун мөөнөтү жылдырылат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүДокумент толтуруп жаткан кыз. Архив
Документ толтуруп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статистикалык комитеттин кызматкерлери каттоо иштерин ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзмөк.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоонун мөөнөтү жылдырылат. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Азырынча кайсы күнгө жылдырылганы тууралуу айтыла элек. Эртең Статком маалымат жыйын өткөрүп, толугураак маалымат берилет.

Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Ал Кыргызстанда быйыл биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өткөрүү пландалган. Каттоо иштери 23-марттан 1-апрелге чейин жүргүзүлмөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0