16:54 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (471)
1043 0 0

Буга чейин Sputniк агенттигине Аксынын Мукур айылынын тургуну кайрылып, кичи ажылыктан келгендин бири Кербенде той өткөргөнүн билдирген. Ал элдин коопсуздугу үчүн чочулап жатканын айткан.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы районунун Кербен шаарында умрадан келген төрт киши үй карантинине алынып, алардын клиникалык материалдары коронавирус аныктаган лабораторияга жиберилди. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Аксы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Разилбек Бөрүкулов тастыктады.

Бүгүн редакцияга Аксынын Мукур айылынын тургуну кайрылып, кичи ажылыктан келген адамдардын бири Кербенде той өткөргөнүн билдирген. Ал элдин коопсуздугу үчүн чочулап жатканын айткан.

"Адатта ажыдан келген адамдын үйүнө көп киши учурашып барат. Сөзсүз түрдө кучакташып, кол алышат. Умрадан келген баланын үйүнө биздин Мукур айылынан да барышкан деп угуп жатам. Эл бул тууралуу кеп кылып, вирус жайылбаса экен деп кооптонуп жатабыз", — деди ал.

Райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин айтымында, Аксы боюнча умрага барып келген кербендик төрт киши кечээ үй карантинине алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Клиникалык материалдары лабораторияга жеткирилип, азырынча жыйынтыгы чыга элек.

"Төрт киши кичи ажылыктан 13-март күнү келиптир. Алар Бишкектеги аба майданына конуп, 16-мартта Кербенге келишкен. Бирөө Сузакта коронавирус жугузгандар менен бир каттамда келген. Тесттин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Алардын ден соолуктары жакшы, оорунун белгилери байкалган жок. Карантинге алынган эки аял менен бир эркек кишинин жашы 50дөн ашса, бирөөсү жаш жигит", — деди Бөрүкулов.

Ал ошондой эле умрадан келгендердин бири той эмес, тууган-урук, тааныштары учурашканы келгендиктен чакан конок тосконун билдирди. Ошондой эле медиктер ал кишилерди да сураштырып жатканын кошумчалады.

Буга чейин да Сузак районунда коронавирус жуктурган жарандар умрадан келгенден кийин үйүнө тууган-урук, кошуналарын чакырып, чакан той өткөргөнү белгилүү болгон.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч адам катталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин  тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (471)

Тема боюнча

Эртең-бүрсүгүнү умрадан дагы 300 кыргызстандык кайтып келет
Ысык-Көлдө төрт адамдын экөө мажбурлап карантинге алынды
Белгилер:
Ажылык, конок, тест, коронавирус, Кербен, Аксы, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ