Эртең-бүрсүгүнү умрадан дагы 300 кыргызстандык кайтып келет

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүАэропортто жүргүнчүлөр коопсуз бет капчан. Архив
Аэропортто жүргүнчүлөр коопсуз бет капчан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктурган үч кыргызстандык 12-март күнү кичи ажылыктан келген. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө жатышат.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Алдыдагы эки күндө Сауд Аравияга кичи ажылыкка барган 300 кыргызстандык мекенине кайтып келет. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, соңку бир айдын ичинде умрага миңдин тегерегиндеги мекендеш барып келген.

"Эртең 100, бүрсүгүнү 200 кыргызстандык умрадан кайтып келет. Алардын баарын аэропорттон текшеребиз, эч биринде коронавирус аныкталбаса үй карантинине жиберебиз. Эгер бирөө-жарымдан аныкталса, баарын обсервацияга алабыз", — деди Исаков.

Мындан сырткары, карантинге алынгандар үчүн өлкө боюнча 1600 койка даярдалганын айтып, учурда обсервацияда 321 адам жатканын белгиледи.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус үч адамга жукканы аныкталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө жатышат. Абалдары туруктуу экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0