Ысык-Көлдө төрт адамдын экөө мажбурлап карантинге алынды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиядан келген үчүнчү адам бүгүн, 18-мартта табылып, көзөмөл жайына киргизилди. Ал эми Сауд Аравиядан келген тургундун дене табы көтөрүлүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдө Германиядан келген үч жана Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген бир жаран карантинге алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, Германиядан келген эки адам бейөкмөт уюмунда иштей турганы аныкталган. Алар карантинге баруудан баш тарткандыктан мажбурлоо жолу менен көзөмөл жайына киргизилген (обсервация).

"Бүгүн, 18-мартта, Германиядан келгендердин үчүнчүсү дагы табылып, карантинге алынды. Ошондой эле Сауд Аравиясынан келген бир адамдын дагы дене табы көтөрүлгөндүктөн обсервацияга алынды", — деди Сагынбаев.

Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузактын үч айылын тегерете 20га чукул пост коюлду
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч учур катталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптардын азыркы абалы боюнча маалымат берди.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0