КРдин коронавирусту аныктоочу тест-система муктаждыгын Россия жаап берди

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүТест-системы для диагностики нового коронавируса
Тест-системы для диагностики нового коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Россияда жүргөн кыргызстандыктарды эл көп топтолгон жерге барбоого, коронавирус туурасындагы фейк маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырды.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россия Кыргызстанга медициналык тест жасай турган 7,5 миң системаны акысыз берип, муктаждыкты толук жапты. Бул туурасында КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Маалыматта элчилик азыр күнү-түнү тынымсыз иш алып барган тартипке өтүп, ага байланыштуу кыргызстандыктарга керек болгон документтерин берүү эки эсе көбөйгөндүгү айтылган.

Элчи Аликбек Жекшенкулов социалдык тармактагы баракчасына кайрылуусун жайгаштырды.

Элчи Россияда иштеп жүргөн мекендештерге дагы бир ирет кайрылып, ден соолугуна сак болууга чакырган.

"Кымбаттуу мекендештерим, "бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" демекчи, ар бириңердин саламаттыгыңар баарыбызга абдан маанилүү. Алыста жүрөсүңөр, көпчүлүгүңөрдүн жумуштарыңар жеңил эмес, тескерисинче, оор, тазалыгыңарды жана ден соолугуңарды карагыла. Өзүңөргө сак болгула", — деген Жекшенкулов.

Жалган маалыматтарды социалдык тармактарда таратуудан алыс болууну өтүнгөн.

"Дүрбөлөңгө жол бербөөгө, сабырдуу болууга, Россиянын мыйзамдарын, коомдук тартиптерин сактап, маданиятына сый мамиле кылып, аларды сактоону суранам", — деген ал.

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктурган үч кыргызстандыктын азыркы абалы айтылды
Россиянын чет өлкөлүктөрдү өз аймагына 1-майга чейин киргизбей турган чечими учурдун талабы экендигин айтып, аны кыргызстандыктардын түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнгөн.

Учурда коронавирустан улам Россиядан тышкары Кыргызстандын кошуна өлкөлөрү чет элдик жарандардын кирүүсүн чектеди.

Аталган вирус Жалал-Абаддын Сузак аймагынын умрага барып келген жашоочуларынан чыгып, бул тапта аталган райондо өзгөчө кырдаал киргизилген.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0