Ош: коронавирус жуктургандар менен бирге келген 64 киши ооруканага жаткырылды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМедициналык бокс. Архив
Медициналык бокс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Абдилатип Шамшиев обсервацияга жаткырылган 64 адамдын кимдер менен байланышканы аныкталып жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 18-мар. – Sputnik. Коронавирус аныкталган Жалал-Абаддын Сузак районунун тургундары менен кичи ажылыктан бир авиакаттамда чогуу учуп келген 64 адам учурда Ош облусу жана Ош шаарынын аймагында болгондуктан анализ алынып, изоляторго жаткырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдиргенин аймактык кабарчы маалымдады.

Эске салсак, 18-мартта Сузак районунда коронавирус жуктургандар аныкталып, ал жакта өзгөчө кырдаал киргизилген болчу. Үч киши Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланууда. 

Дасторкон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузак: коронавирус жуктургандар үйүнө тууган-урук, айылдаштарын чакырган
Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Абдилатип Шамшиев обсервацияга жаткырылган 64 адам кимдер менен байланышканы аныкталып жаткандыгын айтты.

Ал 64 адамдан сырткары дагы 10 адам обсервацияда экенин кошумчалады.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0